- Подробности
22.09.21
Кыргызстан жана Өзбекстандын ишкер аялдарынын бизнес-форумунун жыйынтында 10.3 миллион доллардан ашык 11 келишим түзүлдү. Бул тууралуу Өзбекстандын Олий Мажлисинин төрайымы Танзила Нарбаева иш-чаранын расмий жабылышында билдирди.
- Подробности
22.09.21
Өзбекстандын Түркмөнстан менен болгон тышкы соода жүгүртүүсү 2021-жылдын январь-август айларында 418,1 миллион долларга (өткөн жылга салыштырмалуу 23,6% пайызга көп) жеткен. Бул тууралуу, Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматында жарыяланды.
- Подробности
21.09.21
Өзбекстанда “Lada” унааларын өндүрүү иштери башталды. Алгачкылардан болуп өндүрүлгөн “Lada Vesta SW” жана “Lada XRAY” үлгүлөрүндөгү унаалар сатыка чыгарууга даяр. Жакынкы аралыкта алардын катарына “Lada Largus” үлгүсүндөгү унаалар дагы кошулмакчы.
- Подробности
21.09.21
Казакстанда быйыл 2021-жылы дандын жана май өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымынын көлөмү 18 миллион тоннага жетүүсү күтүлүүдө. Анын ичинде 16 миллион тоннасын дан жана буурчак өсүмдүктөрү түзөт.
- Подробности
14.09.21
Кыргызстанга ивенстиция боюнча Түркия экинчи орунду ээледи. 2021-жылдын биринчи жарымында Түркиядан Кыргызстанга келген инвестициянын көлөмү 62 миллион долларды түздү.
- Подробности
13.09.21
Түркмөнстандын башка өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү 17,9 миллиард долларга жетти. Анын ичинен экспорт 7,7 миллиард доллар, импорт 10,1 миллиард доллар, деп жазат “CentralAsia.news” маалымат агенттиги.
- Подробности
09.14.21
Казакстанда 2021-жылдын 8 айында нефть жана конденсат өндүрүүнүн көлөмү 56,1 миллион тоннаны түздү (план 99,3% пайызга аткарылган). Бул тууралуу Энергетика министри Магзум Мирзагалиев өкмөттүн жыйынында билдирди.
- Подробности
18.09.21
Түркиянын Транспорттук кызмат көргөзүүнү жөнгө салуу департаментинин башкы директору Мурат Баштор жана Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министрлигинин өкүлү Шухрат Айтиев жетектеген делегация мүчөлөрү эки өлкөнүн транспорттук товар ташуусуна байланышкан маселелерди талкуулашты.
- Подробности
16.09.21
Ташкент шаарында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча Өзбекстан-Түркмөнстан өкмөттөр аралык комиссиясынын 16-жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу “centralasia” маалымат агенттиги билдирди.
- Подробности
15.09.21
Стамбул шаарында Түркиянын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору менен Кыргызстандын Инвестициялар министрлигинин карамагындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору өз ара кызматташуу келишимине кол койду.