- Подробности
Ушул жылдын 23-ноябрында, Таджикистан Республикасынын өкмөтү жана Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) $ 35 млн. доллар өлчөмүндө, аталган өлкөгө гранттык жардам берүү боюнча келишимге кол коюшту.
- Подробности
22.11.2018
Душанбе
Германия өкмөтү Тажикистанга саламаттыкты сактоо, каржы, энергетика, адистик билим берүү жана инновация тармактарын өнүктүрүү үчүн 27 млн. евро бөлүп берет.
- Подробности
15.11.18.
Душанбе.
Тажикстан бул жылы он ай ичинде 362 миң тоннага жакын мунайзат импорттоду. Тийиштүү ведомствонун билдирүүсүнө караганда жалпысынан 252,8 млн. доллар суммасында 361,7 миң тонна мунайзаты импорттолгон.
- Подробности
Душанбе, 30 октябрь.
Бүгүнкү күндө Кытай мамлекети Тажикстандагы 50дөн ашуун долбоорлордун ишке ашырылуусунда катышууда.
- Подробности
26.10.2018. Тажикстан 2018-жылдын биринчи тогуз айында 10 млн. кубо метр жаратылыш газын, 280.3 миң тонна суюлтулган газ импорттогон.
Берилген отчеттун жыйынтыгы боюнча 2018-жылдын март-сентябрь айларында импорттолгон суюлтулган газдын көлөмү 2017-жылдын ушул эле мезгили менен салыштырганда 18 миң 287 тоннага ашыкча чыгарылган.
2018-жыл сентябрда суюлтулган жаратылыш газынын көлөмү жалпысынан 29 миң 801 тоннаны түзсө, салыштырмалуу 2017-жылы ушул эле айда 672 тоннага көп импорттолгон. Суюлтулган газды өлкөнүн жол транспортунун 60% пайыздан ашыгы колдонот. Ошондой эле документте, Өзбекстандын жаратылыш газынын берүүсү 2012-жылы токтоп калган эле. Бирок, ушул жылы жетишилген макулдашуулардын негизинде, Өзбекстан Тажикстанга жаратылыш газын импортоону кайрадан баштагандыгы айтылды.
Өзбекстандан жаратылыш газын жеткирүүнүн көлөмү 2018-жылдын май айынан баштап 1-октябрга чейин 9 млн 952 миң 703 куб метрди түзгөн. Импорттолуучу жаратылыш газын негизги керектөөчүсү мамлекеттик "Талко" ишканаcы болуп саналат.
- Подробности
Мындай статистиканы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Душанбе шаарында болуп өткөн Эл аралык ишкерлердин форумунун ачылышында айтты.
- Подробности
08.10.2018
Быйылкы жылдын алгачкы сегиз айында Тажикстанда текстилдик жана тигүү өндүрүшү дээрлик 30% пайызга өскөн.
- Подробности
5-Октябрь жума күнү, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон жана Япониянын өкмөт башчысы Синдзо Абэнин расмий жолугушуу аземи болгондугун, тажик президентинин басма сөз кызматы билдирди. Эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын жана расмий өкүлчүлүктөрүнүн катышуусу менен болгон жолугушууда кызматташуу маселелерин талкуулашты.
- Подробности
Тажикстандын экспортунун негизги өнөктөштөрү Казакстан, Түркия, Өзбекстан жана Ооганстан экендигин "Авеста" басылмасы жазды.
- Подробности
Быйылкы жылдын алгачкы сегиз айында Тажикстанда чарбалардын бардык категориялары боюнча айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмү 13 млрд 233,7 млн сомонини түзгөн ($ 1,4 млрд. доллар).
Айыл чарба өндүрүшүнүн индекси көрсөтүлгөндөй статистикага ылайык, 2017-жылдын ушул эле мезгилинде салыштырмалуу 6,1% пайызга өндүрүштүн көлөмү ашкан.
Өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгында өндүрүштүн өсүш темпи, тиешелүүлүгүнө жараша 7% жана 4% пайызды түзгөн.
Отчетук жыл мезгил ичинде, чарбалардын бардык категориялары боюнча 936.6 миң тоннадан ашык буудай жана 426,7 картошка өндүрүлгөн.