22.01.21

Жакында Алматы шаарында “Аль-Фараби” илимий-техникалык өрөөнү (долина) пайда болот. Анын курулушуна, Түркиялык инвесторлор 1 миллиард доллар өлчөмүндө инвестиция салууга даяр экендиктерин билдиришти. Бул эл аралык долбоор Американын Калифорния штатында жайгашкан “Силикон” өрөөнүнө окшоштурулуп түзүлөт. Жаңы илимий-техникалык өрөөнү, Аль-Фараби атындагы Казакстан улуттук университетинин аймагында орун алмакчы.

25.01.21

Кыргызстандын өкмөтү темир жол линияларын электрлештирип, Казакстанга кеткен тепловоздорду электровоз поезди менен алмаштырууну пландап жатат. Бул тууралуу, Кыргызстандын өкмөтүнүн “2021-2025-жылдар аралыгында, Кыргызстанда темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын бекитүү жөнүндө”  токтом долбоорунда жазылган.

25.01.21

Өзбекстандын вице-премьер-министр Азиз Абдухакимов баштаган делегациясы, Түркияда аталган өлкөнүн “Pegasus Airlines” авиакомпаниясынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу, “Дунё” маалымат агенттиги билдирди.

25.01.21

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Төртүнчү саясий департаментинин директорунун орун басары Сагынбек Ибраев 25-январь күнү, Индиянын Кыргызстандагы элчиси Алок Амитабх Димри менен жолукту.

22.01.21

Тажикстан жана Иран “Истиклол” туннелинин курулушун аягына чыгаруу боюнча келишимге кол коюшту. Бул туннель бийик тоолуу Анзоб ашуусунда жайгашкан. Туннель, Тажикстандын борборун өлкөнүн түндүк аймактары менен байланыштырып турат.

21.01.21

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Түркстан облусуна болгон жумушчу иш сапарынын алкагында, Түркстан шаарынын инфраструктуралык объектилеринин курулушу иштери менен таанышып чыкты. Бул тууралуу,  Казакстан өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

21.01.21

Азербайжан жана Түркмөнстан Каспий деңизиндеги газ жана нефти булактарын биргелешип чалгындоо жана “Достлуг” кенин (жаратылыш газы жана нефти) түзүү боюнча меморандумуна кол коюшту. Документке тиешелүү тармактын жетекчилеринин кол коюу аземине, президенттер Илхам Алиев (Азербайжан) жана Гурбангулы Бердымухамедов (Түркмөнстан) онлайн режиминде катышышты. Бул тууралуу, Азербайжандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.

11.01.21

Казакстанда Мажилис (парламент) жана маслихат органдарына (жергиликтүү бийлик органдарына)  депутаттарды шайлоо болуп өттү.

18.01.21

Түркиянын Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Стамбул шаарында штаб-квартирасы жайгашкан Дүйнөлүк Ахыска түрктөрүнүн биримдиги  (ДАТҮБ) менен биргеликте, Кыргызстанда жашаган Ахыска түрктөрүнө коронавирус илдетине каршы медициналык гуманитардык жардам  жөнөттү.

20.01.21

Тажикстандын Статистикалык институтунун билдирүүсүнө ылайык, 2020-жылы өлкөгө 62 мамлекеттен 56 миллион долларлык гуманитардык жардам келип түшкөн.