- Подробности
21.03.2020
Өзбекстандын президенти өлкөдө коронавирус (COVID-19) пандемиясы менен күрөшүү үчүн 10 триллион сум ($1 миллиард 51 миллион доллар) өлчөмүндө каражат бөлүп берүү боюнча указга кол койду. Бул каражатты бөлүп берүүнүн негизги максаты, коронавирус (COVID-19) пандемиясынын өлкөнүн экономикасына тийгизген терс таасирин жумшартууга багытталган. Баардык бөлүнгөн каражаттар кризиске каршы түзүлгөн фонддун эсебине которулган.
- Подробности
12.03.20
Өзбекстан Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу атом энергетикасын өнүктүрүү агенттигинде, 11-март күнү кореялык “Hyundai Engineering & Construction Co.Ltd” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.
- Подробности
06.03.20
Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев Россиялык "Лукойл" компаниясынын президенти Вагит Алекперовду кабыл алды. Бул тууралуу Өзбек телеграфтык агенттиги (ӨзТА) жазып чыкты.
- Подробности
04.03.20
Өзбекстандын Жизак облусунда Германиялык "Фольксваген" компаниясы автоунааларды өндүрүүнү баштоонун алдында турат. Компания 2020-жылы “Volkswagen Caddy” аттуу маркадагы автоунаасы эки түрдүү модификацияда Өзбекстандын рыногуна саттыка чыгарылмакчы. Бул тууралуу, Podrobno.uz маалымат агенттиги жазып чыкты.
- Подробности
03.03.20
2020-жылдын январь айында, Өзбекстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2,946 миллиард долларга жеткен. Бул тууралуу, Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин билдирүүсүндө айтылат.
- Подробности
02.03.20
Өзбекстандын Фергана өрөөнүнөн Казакстанга каттаган жүргүнчүлөр үчүн кошумча ыңгайлуулуктарды түзүү максатында "Фергана-Алматы" маршруту боюнча үзгүлтүксүз автобустук каттамы ачылат. Бул тууралуу, Өзбекстандын транспорт министрлигинин басма сөз кызматы жазып чыкты.
- Подробности
20.02.20
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Түркияга жасаган расмий сапарынын алкагында, 19-февраль күнү Анкара шаарында Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган менен жолугушуу өткөрдү. Бул көрүшмөнүн жыйынтыктыгында, эки өлкөнүн лидерлери бир катар макулдашууларга кол коюшту.
- Подробности
17.02.20
Америкалык “General Motors” компаниясы менен Өзбекстандын “UzAuto Motors” компаниясы Өзбекстанда өндүрүлгөн автомобилдерди чет өлкөлөргө сатуу боюнча макулдашууга кол койгон.
- Подробности
17.02.20
Бүгүнкү күндө, Өзбекстанда чет өлкөлүк капитал менен курулуп иштеп жаткан ишканалардын саны артууда.
- Подробности
12.02.20
Өзбек телеграфтык агенттиги (ӨзТА) билдиргендей, Өзбекстанда беш жаңы авиакомпанияны ишке киргизүү пландаштырууда. Бул тууралуу, 2020-жылга карата мамлекеттик иш-аракеттер программасынын долбоорун жарыялоо учурунда айтылган.