Казакстандагы жалпы кубаттуулугу 150 MW жеткен эң ири күн энергетикалык станциясы Алматы облусундагы Капчыгай шаарынан анча алыс эмес жерде курулат.

Акмиаттын пресс борборунун билдиришинче, 2016-жылы Алматы облусунун Үрүмчү шаарына жасаган жумушчу визитинин энергияны кайра жандандыруу долбоорунун мемарандумунун алкагында ишке ашырылат.

Эксперттердин билдирүүсү боюнча, 400 гектарга жайгашкан жаңы электро станциянын биринчи курулушунун этабы баш оона айында башталган. Ал 2019-жылдын биринчи чейрегинде аяктайт, андан кийин  экинчи үчүнчү баскычка өтөт. Электро станция 303 миң өз алдынча панелдерден турат жана алар күндүн нурун үзгүлтүксүз энергияга айлантып турушат. Тектиктердин көпчүлүк бөлүгү Германия өндүрүшүнөн чыккан. Кытай жана казак компанияларынын инвестициялык салымдарынын көлөмү дээрлик $ 150 млн түзгөн.