13-сентябрда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев “Коч Холдинг” компаниясынын төрагасы Али Йылдырым Коч менен жолугушту.

Акордо басма сөз кызматынын билдиришинче тараптар Казакстандагы соода-экономикалык кызматташтык жана ишке ашырыла турган долбоорлордун  өнүгүү келечегин талкуулашты.

Компаниясынын башчысы, атап айтканда, коргонуу өнөр жайы жана башка экономикалык өндүрүштүк тармактарда долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдирди.