Астанада 2018-жылдын 20-сентябрдан тарта Казакстандык механикалык инженерлердин VI саммити башталат.

Бул тууралуу Инвестициялык  Өнүктүрүү  Минстринин биринчи орун басары  Роман Скляр  басма сөз жыйынында билдирди.

"Машина куруу инженериясы өтө татаал тармактарынын бири болуп саналат. Балким, ошондуктан инженердик машина куруу мамлекеттик көзөмөлгө өтө муктаж болуп саналат. Бирок жогорку конкуренцияга карабастан, машина куруу тармагы келечеке ишенимдүү түрдө оптимизм менен карайт”-деп белгилейт Роман Скляр.

Казакстандын Инвестициялык  Өнүктүрүү  Минстирлигинин берген маалыматы боюнча 2018-жылдын сегиз айындагы машина өндүрүү көлөмү 638,1 миллиард тенгени ($ 1,7 млрд) түзгөн.  Өндүрүштүн өсүшү - 13,8% пайызды түзгөн.

Инженердик тармактардын ичинен динамикалык өсүүнү унаа өндүрүү тармагы көргөзгөн. Сегиз айдын жыйынтыгы менен жалпы наркы 117,7 миллиард тенге ($ 318,1 млн) болгон каражатка 19 миң машина өндүрүлгөн. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 1,6 эсеге көптүк кылат.

https://ca-news.org/news:1470787