2018-жылдын 31-октябрда, Азербайжан Энергетика министри Парвиз Шахбазов менен Казакстандын Инвестиция жана өнүктүрүү министри Женис Касымбек  Астанада жолугушту.

МИР басма сөз кызматы маалымдагандай, алар соода-сатык, инвестиция, экспорттук операция жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Ж.Касымбек 2017-жылы апрелде  Азербайжан Республикасына Президент Нурсултан Назарбаедин расмий сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ийгиликтүү ишке ашырылып жаткандыгын белгилеп кетти. Атап айтканда, соода жүгүртүү эки эсеге көбөйүп, 2018-жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн ортосундагы соода $ 168 млн долларды түзгөн  (2017-жылдын ушул эле мезгилинде - $ 81,5 млн).

Өз кезегинде П.Шахбазов, мамилелерди өнүктүрүүдө өкмөттөр аралык комиссиянын отурумдарын өткөрүү, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүндө өнөктөштөр ортосундагы тармактык кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгиледи.

Казакстан менен Азербайжандын ортосундагы тышкы соода жүгүртүү 2018-жылдын январь-август айларында $ 168,1 млн түзгөн жана бул көрсөткүч 2017-жылдын ($ 81,5 млн) бирдей эле мезгилине салыштырмалуу 106,3% пайызга жогору экендигин белгилей кетүү керек.

Казакстандан Азербайжанга экспорт 2017-жылы ушул эле мезгилде ($ 62,5 млн) болсо, 2018-жылда $ 134,6 млн долларды түзүп, 115,3% пайызга жогору болгон.

https://liter.kz/ru/news/show/52384-tovarooborot_mezhdu_kazahstanom_i_azerbaidzhanom_vyros_v_2_raza