13.12.18

 Акмола облусунда, Казахстандын үй канаттулар этинин импортун 30 пайызга азайта турган Макинск канаттуулар фабрикасы ишке кирди.

Акимиаттын  басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Борбордук Азияда өндүрүү көлөмү жана колдонулган технологиясы боюнча мындай фабрика жок. Фабриканын кубаттуулугу жылына 50 миң тонна канаттуу этин өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет жана бул көрсөткүчттү 100 миң тоннага чейин жогорулатуу пландалып жатат. Бул жерде Германиядан, Голландиядан жана Япониядан келген технология жана жабдуулар колдонулган.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн 45,6 млрд. тенге (123,5 млн.доллар) өлчөмүңдө инвестииция жасалган. Фабрикада 200 миң теңге орточо маяна менен 910 киши иштейт.

https://ca-news.org/news:1485886