23.02.19.

2018-жылы  туризм тармагында көрүлгөн иш чаралардын  натыйжасында өткөн 2017-жылга салыштырмалуу, сырттан келген туристердин саны 10% пайызга жана ички туризм болсо   5% пайызга өскөн.

 2018-жылы алдын-ала алынган маалыматтар боюнча, Казахстанга 8 488,3 турист келген. Мындай көрсөткүч өткөн 2017-жылга салыштырмалуу  10,2% пайыздан көптүк кылат.  Ал эми,  2015-жылга  салыштырганда 32% пайызга көптүк кылат. Казахстанга  Бириккен Араб Эмираттарынан  (50%), Индия (49%), Малайзия (44%), Гонконг (22%), Польша (16%), Түштүк Корея (15%) жана АКШ (5 %), сыяктуу, өлкөлөрдөн келишкен. Ошол эле учурда,  Германия жана Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдөн келген туристердин агымы мурдагы калыбында сакталып калган.

Белгилей кетчү нерсе,  өткөн жылы өлкөдө Маданият жана споот минстирлиги тарабынан,  маанилүү туристтик объектилерди тандоо жана Казахстандын туристик картасын түзүү боюнча иштер жүргүзүлгөн болучу.  Анын жыйынтыгы менен 60 объекти тандалып алынган. Тандап алуунун негизги критерийи, туристерди өзүнө тартууда жана алардын санын көбөйтүүдө аныны уникалдуулугу эске алынган. Мындан тышкары, тарыхый жана маданий баалуулугуна маани берилген.

https://www.caravan.kz/news/v-2018-godu-kazakhstan-posetili-bolshe-8-mln-turistov-520926/