23.03.2020
Казакстан акыркы убактарда күтүлүп жаткан кризистик жагдайлар менен күрөшүү үчүн $ 10 млрд доллар бөлөт. Бул тууралуу, өзгөчө абал боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын жыйынында Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев билдирген болучу.

Казакстан Республикасынын Өнүгүү министри Даурен Абаев жогорудагы президенттин билдирүүсүнө басма сөз жыйынында ачыктама жасап жатып:"Глобалдык кризис жана жаратылыш ресурстарына болгон баанын төмөндөөсү үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында республикалык бюджетке 350 миллиард теңге өлчөмүндө каражаттын жетишсиздиги күтүлүп жатат. Буга карабастан, мамлекет бюджеттен кризистик жагдайларга каршы күрөшүүгө 4,4 триллион тенге же $ 10 млрд долларга жакын каражат бөлөт", - деп билдирди. Ал Казакстандын экономикасын жана калкын эске алганда, бул чакан сумма экендигин белгиледи.
Эскерте кетсек, өзгөчө абал боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынында, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев: “Кабыл алынып жаткан антикризистик чаралар жергиликтүү деңгээлдеги салыктыктарга жеңилдиктерди берүүдөн тышкары, 4,4 триллион теңге же $ 10 млрд доллар өлчөмүндө кризиске каршы акча каражаты бөлүнөт. Бул каражаттарды туура пайдалануу менен биз кризис менен күрөшүүдө жеңүүчү болуп чыгабыз", - деп билдирген болучу мамлекет башчысы.
https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/eto-solidnaya-summa--dauren-abaev-o-10-mlrd-videlyaemih-gosudarstvom-na-borbu-s-krizisnimi-yavleniyami