02.10.20

Түркия Казакстан менен болгон товар жүгүртүүсүнүн көлөмүн $10  миллиард долларга жеткирүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу, Түркия Республикасынын Соода министри Рухсар Пекжан айым Казакстандын Соода палатасынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуу учурунда билдирген.

Түркия Республикасынын Соода министри Рухсар Пекжан айымдын айтымында, 2019-жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү $3,9 миллиард долларга жеткен.

Рухсар Пекжан: “Биздин негизги максатыбыз, эки өлкөнүн президенттеринин соода жүгүртүүнүн көлөмүн  $10 миллиард долларга жеткирүү боюнча койгон талабын ишке ашыруу болуп саналат. Алдыга коюлган максатка жетүү үчүн бажы жана соода тармагыбызда болгон кызматташтыгыбыз тең салмакта жана туруктуу болуусу керек” – деп билдирген.

Мындан тышкары, Рухсар Пекжан айым Түркия Республикасынын Соода министрлиги товар алып сатууда цифровизациянын аткарган иши өтө маанилүү экендиги өзгөчө пандемия учурунда байкалгандыгын билдирди. Министрдин айтымында, пандемия шартында, сатып алуу жана сатуу иштерин электрондук виртуальдуу ыкма менен жүргүзүү аркылуу, дүйнөлүк базар ишмердүүлүгүн үзгүлтүккө учуратпастан уланта аларын белгилеп өттү.

https://www.aa.com.tr/ru/экономика/турция-планирует-довести-объем-товарооборота-с-казахстаном-до-10-млрд/1989619