01.11.20

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Акмола облусуна жумушчу иш сапары менен барды. Өкмөт башчысы Акмола облусунун социалдык-экономикалык жетишкендиктери менен таанышып чыкты. Бул тууралуу, өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Премьер-министри Аскар Мамин, облустун аймагында жайгашкан айыл чарба, химиялык өндүрүш, тоо-кен металлургия тармагында иш алып барышкан заводдордун иштери менен таанышып чыкты. Аларга, “Астана-Нан Chemicals” пестицид өндүргөн заводу, “Степногорский горно-химический комбинат”, “Казахалтын Technology” жана “Аксу Technology” заводдору кирет.

Облустун аймагында жайгашкан, Кокшетау шаарынын маанилүү экономикалык негизин автоунаа өндүрүү, курулуш индустриясы, тамак-аш жана жеңил өнөр-жай, транспорттук-логистикалык кызмат көрсөтүү болуп саналат. Акыркы 10 айдын ичинде, шаарда товар өндүрүү өткөн жылга салыштырмалуу 41,4% пайызга  (108,1 миллиард теңге), инвестициянын көлөмү 1,7 эсеге (49,8 миллиард теңге), курулуш тармагы 1,9 эсеге (25,9 миллиард теңге) өсүш берген.

Өкмөт башчысы Аскар Мамин, Бурабай районунда жайгашкан “Щучинск-Борово” курорттук зонасынын 2012-2020-жылдарга карата түзулгөн өнүктүрүү боюнча пландары менен таанышып чыкты. Өкмөт башчысы, мамлекеттик туризмди өнүктүрүү боюнча программаны активдештирүү тапшырмасын берди.

Акмола облусунун, 2020-жылдын башынан бери, айыл чарба тармагынын ички дүң продуктусу (ИДП) 18,1% пайызга (509,7 миллиард теңге) товар өндүрүү  6,8% пайызга (732 миллиард теңге), инвестциялык салымдар 23% пайыз  (297,6 миллиард теңге) түзгөн.

https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/premer-oznakomilsya-s-sotsialno-ekonomicheskim-razvitiem-akmolinskoi-oblasti