04.11.20

Казакстандын премьер-министр Аскар Мамин Татарстан Автономиялуу Республикасына тиешелүү “Татнефть” компаниясынын генералдык директору Наиля Маганова менен жолугушуу өткөрдү.

Тараптар Караганды облусуна караштуу Саран шаарында, автоунаалардын дөңгөлөгүн өндүргөн заводдун курулушунун долбоорун (заводдун курулушу үчүн керектүү жер участогун бөлүп берүү, долбоорду ишке ашыруунун планынын эрежелери) талкуулашты.

Казакстандын өкмөт башчысы, дөңгөлөк өндүрүүчү иш кананын курулушу өлкө үчүн маанилүү экендигин белгилеп өттү. Өзгөчө, өндүрүлгөн продукция алгач ички рынокту камсыз кылууга жумшалып, андан соң чет өлкөлөргө дагы сатууга чыгарыларын билдирди.

Автоунаа дөңгөлөктөрүн өндүрүүчү заводун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча, инвестициялык меморандумга 2020-жылдын 27-сентябрь күнү, Караганды облусунун акимиаты жана “Татнефть” компаниясынын жетекчилиги кол коюшкан болучу. Инвестициялык меморандумга кол коюу аземине, Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин жана Татарстандын президенти Минниханов Рустам Нургалиевич дагы катышкан болучу.

Эскерте кетсек, курула турган заводдун кубаттуулугу жылына жеңил автоунаалар үчүн 3 миллион даана, автобус жана оор жүк ташуучу автомобилдер үчүн 500 миң даана дөңгөлөк чыгарууга жөндөмдүү. Ошондой эле 1 миң жаңы жумушчу оруну пайда болмокчу. Заводдун курулушуна коротула турган инвестициянын жалпы суммасы 111 миллиард теңгени түзөт. Заводду 2022-жылы ишке киргизүү мерчемделген.

https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/askar-mamin-obsudil-s-gendirektorom-tatnefti-stroitelstvo-shinnogo-zavoda-v-sarani