17.11.20

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев  16 -ноябрь күнү, коронавирус менен күрөшүүгө арналган жыйында, өлкөдө Россиянын коронавируска каршы вакцинасын өндүрө турган завод куруу пландалып жатканын билдирди.

Касым-Жомарт Токаев:  “Владимир Путин  менен Россиянын вакцинасын өндүрө турган завод куруу боюнча келиштик. Өкмөт ушул долбоорго инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады”, – деп билдирди.

Касым-Жомарт Токаев, ата мекендик вакцинаны өндүрүшкө киргизүү, өкмөттүн алдындагы эң чоң тапшырма экенин баса белгилеп келип: “Маселен, эки  даана ата мекендик вакцина, перспективдүү дүйнөлүк биопрепараттардын катарына кирип, азыркы тапта аларга клиникалык сыноо жүрүп жатат”– деп билдирип өттү.

Эскерте кетсек, буга чейин Россия өзүнүн ”Sputnik V” деген ыктымалдуу вакцинасын каттоодон өткөргөн болучу. Россияда 2020-жылдын 14-октябрь күнү, Новосибирс шаарында жайгашкан “Вектор” борбору экинчи вакцинаны иштеп чыкканы маалымдалган.

http://kg.kabar.kg/news/tokaev-kazakstanda-rossiialyk-vaktcinany-nd-r-turgan-zavod-kuruu-plandalyp-zhatkanyn-aitty/