11.01.21

Казакстандын металлургиялык өнөр жайы 2020-жылдын жыйынтыгы менен 2,6% пайызга өсүш берген. Бул тууралуу, “Kazpravda.kz” маалымат агенттиги билдирди.

2020-жылдын 12 айынын жыйынтыгы менен Казакстандын өнөр жайдын дээрлик бардык тармактарында анын ичинде, кайра иштетүү өнөр жайында өсүш темпи сакталган.

Өлкөнүн металлургия өндүрүшү 2,6% пайызга жана түстүү металл өндүрүү 2,8% пайызга жогорулаган.

Казакстандагы эң ири жез өндүрүүчү “Казакмыс” корпорациясы, жез өндүрүүнүн көлөмүн 5% пайызга, алтын куймаларын 35% пайызга, күмүш 17% пайызга мурунку жылга салыштырмалуу көп өндүргөн. Ал эми, “Казакстан электролиз заводу”  алюминий өндүрүшүн жогорулаткан.

Мындан тышкары, Казакстандык “Тау-Кен Алтын” ишканасы дагы жылдын жыйынтыгы менен  оң көрсөткүчтөргө жетишкен. Ишкана тазаланган (аффинированный) алтындын өндүрүшүн 4% пайызга, тазаланган (аффинированный) күмүштү 46,7% пайызга арбын өндүргөн. Эскерте кетсек, “Тау-Кен Алтын” ишканасынын продукциясы эң жогорку сапатка ээ болуп  дүйнө жүзүнө  таанылган.

Ишкана өндүргөн алтын (тазалыгы 99,99% пайыз), Лондон баалуу металлдар ассоциациясынын “GoodDelivery” сертификатына ээ болгон. Бул сертификатка ээ болгон баалуу металлдар бардык дүйнөлүк биржаларда соода жүргүзүүдө чектөөсүз кабыл алынмакчы.

Казакстандын кара металл өндүрүшүнүн өсүшү 4,1% пайызды түзгөн. Костанайда жайгашкан “Евраз Каспиан Стил” заводу арматура жасоодо колдонула турган темирлерди өндүрүүнүн көлөмүн 7% пайызга жогорулаткан. Арматура темирлери мамлекеттик стандарттарга ылайык чыгарылат.

Эскерте кетсек, продукциялардын сапаты акыркы технологиялык жабдуулар жана заводдун сыноо лабораториясында көзөмөлдөнүп турат.

https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/metallurgicheskaya-otrasl-kazahstana-virosla-po-itogam-2020-goda