23.09.21

2021-жылдын жай мезгилинде,  казакстандыктар Түркияда 507 даана батир сатып алышкан жана муну менен алар кыймылсыз мүлк сатып алуучулардын алдынкы ондугуна киришти. Казакстан  Германия жана Кувейт өлкөлөрүнөн кийинки тизмеде алтынчы орунд турат. Бул тууралуу Түркиянын кыймылсыз мүлк “Turk.Estate” агрегатору билдирди.

Казакстандын жашоочулары 2021-жылдын январь жана август айларынын ичинде, Түркиядан 1,129 батир сатып алышкан. Муну менен казакстандыктар 2020-жылдын деңгээлине (2020-жылы 1,171 батир сатылып алынган)  жетишкен.

2021-жылдын жай айларынан тартып сатып алуулардын динамикасы жогорулай баштаган. Мисалы, январь (69 батир), февраль (119), март (166), апрель (188), май (80), июнь (165), июль (166) жана август айында (176 батир) казакстандыктар тарабынан сатылып алынган.

2021-жылы  Түркиядан кыймылсыз мүлк сатып алган чет өлкөлүктөрдөн Ирак (4,631)  биринчи орунду ээлеген. Экинчи орунда Иран (4,600) ээлеген. Россиялыктар быйыл 2,575 батир сатып алышкан. Афгандар 1,819 кыймылсыз мүлк объекттерине ээ болушту. Жетинчи орунда Кувейт (873), сегизинчи орунда Америка  (871), тогузунчу орунда Азербайжан (858), онунчу орунда Йемен (810) турат.

2021-жылдын апрель айында, Түркиянын Статистика институту жарыялаган маалыматта казакстандыктар чет өлкөлүктөрдүн арасында, Түркиядан кыймылсыз мүлк сатып алуу боюнча тогузунчу орунду ээлегенин билдирген. Өткөн жылы болсо миңден ашык батир сатып алышкан. Өзгөчө 2020-жылдын декабрь айында сатып алуулар көп болгон.

https://kursiv.kz/news/otraslevye-temy/2021-09/kazakhstancy-popali-v-desyatku-samykh-aktivnykh-pokupateley-tureckoy