01.10.21

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “KAZ Minerals Aktogay” тоо-кен иштетүү комплексинин ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Ошондой эле комплекстин аймагында жаңы курулушу аяктаган, кенди кайра иштетүүчү экинчи ири фабриканы ишке берүү аземине катышты. Жаңы фабриканын ишке берилиши “KAZ Minerals Aktogay” тоо-кен иштетүү комплексин  дүйнөдөгү эң ири жез өндүргөн кендердин бири болууга мүмкүндүк бермекчи. Бул тууралуу, “Акордо” басма сөз кызматы билдирди.

Президент “KAZ Minerals Aktogay” комплексинин негизги көрсөткүчтөрү менен таанышып, руданы казуу процессине катышты. Андан соң мамлекет башчысы, жаңы салынган сульфид өндүрүүчү заводун расмий түрдө ишке киргизүү лентасын кесип жана ишкананын кызматкерлеринин алдынды сөз сүйлөдү.

Касым-Жомарт Токаев улуттук өнөр жайдын өнүгүшүнө жаңы дем берүү үчүн иштелип чыккан долбоордун стратегиялык маанисин белгилеп келип: “Мен кайрылуумда белгилегендей, өткөн жылы, өлкөнү индустриялаштыруу иштери башталган 10 жылдын ичинде,  биринчи жолу тоо-кен кайра иштетүүчү өнөр жай тармагынын экономиканы өнүктүрүүгө кошкон салымынын үлүшү 13% пайызды түздү. Үстүбүздөгү 2021-жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча, кайра иштетүү өнөр жайынын өсүү темпи өзгөрүүсүз калып, дээрлик 6% пайызды түздү. Индустриялаштыруу картасынын алкагында 120 миңден ашык жаңы өндүрүш ишканалары ишке киргизилип, 12 миң жумушчу орундары түзүлдү” - деп белгилеп өттү.

Ошондой эле, мамлекет башчысы жаңы ишке берилип жаткан фабриканын социалдык жана экономикалык пайдалары тууралуу:

“Өлкө боюнча кайра иштетилген продукциянын экспортунун көлөмү  өсөт жана 700 жаңы жумуш орундары түзүлөт. Бюджетке кошумча 80 миллион доллар акча каражаты салык түрүндө келип түшөт. Завод Чыгыш Казакстан облусундагы билим берүү жана медициналык мекемелердин жабдууларын жакшыртуу, жаңы социалдык объекттердин курулушуна активдүү катышат”-деп билдирди мамлекет башчысы.

Президент ишкананын уникалдуулугун белгилеп жана анын башкаруучуларынын социалдык жоопкерчилигинин деңгээлин жогору баалады.

 “KAZ Minerals Aktogay” тоо-кен иштетүү комплексинин кайра иштетүү кубаттуулугун кеңейтүүнүн долбоору “KAZ Minerals” компаниясы тарабынан, Индустриалдык-инновациялык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында  ишке ашыруу иштери 2017-жылы башталган. Комплекстин ичинде орун алган экинчи фабриканын ишке кириши руданы кайра иштетүүнү жылына 25 миллиондон 50 миллион тоннага чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Жалпысынан Актогай I жана Актогай II долбоорлорун кошкондо кенди өнүктүрүүгө салынган инвестициянын көлөмү 3,2 миллиард долларга жеткен.

2022-жылдан баштап кенде 190 миң тонна жез, анын ичинде 20 миң тонна катоддуу жез өндүрүлөт деп пландаштырылган. Бардык комплексте иштеген жумушчулардын саны 3 миңден ашуун адамды түзөт. Ишкана алдыңкы технологияларды, анын ичинде жасалма интеллектиге негизделген программаларды активдүү колдонот.

https://kapital.kz/economic/99167/investitsii-v-razrabotku-aktogayskogo-mestorozhdeniya-dostigli-3-2-mlrd.html