08.10.21

Казакстандын Улуттук банкынын жарыялаган маалыматтарына караганда, ушул жылдын биринчи чейрегинде өлкөгө түз инвестиция салынган чет өлкөлүк инвестициянын деңгээли былтыркы 2020-жылдын  ушул мезгилине салыштырмалуу 30% пайызга көбөйгөн.

Учурда өлкөгө келген чет өлкөлүк инвестициянын көлөмү 11,1 миллиард долларды түздү. 2021-жылдын башынан бери, Түркия Казакстанга жалпысынан 388,7 миллион доллардын тегерегинде инвестиция салды. Ошону менен Түркиянын өлкөгө салган  инвестициянын көлөмү  мурунку жылга салыштырмалуу 79,9% пайызга өскөн.

Мына ушундай жыйынтыктардын негизинде Түркия Америка, Швейцариядан кийинки Казакстанга инвестиция салуусун көбөйткөн үчүнчү өлкө болуп калды.

Ошондой эле ушул жылдын биринчи чейрегинде Казакстанга эң көп инвестиция салган мамлекеттердин тизмесинин катарында, Нидерландия, Америка, Швейцария, Орусия, Англия, Кытай, Бельгия, Түркия, Франция жана Түштүк Корея өлкөлөрү болушту.

https://www.trtavaz.com.tr/haber/tur/avrasyadan/turkiye-kazakistandaki-yatirimlarini-en-fazla-artiran-ucuncu-ulke-oldu/615fe94701a30a78f8316a80