20.10.21

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев телекөпүрө онлайн форматында, Караганда облусундагы Жайрем тоо-кен иштетүүчү комбинатында жаңы полиметалл фабрикасын ишке киргизүү салтанатына катышты. Бул тууралуу, Казакстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Кайра иштетүүчү заводдун курулушуна 2,500 жакын адам катышты. Жайрем тоо-кен иштетүүчү комбинаты үчүн бул долбоордун башталышы жаңы жашоо менен бирге негизги өнүгүү перспективаларын билдирет. Ошондой эле аталган тоо-кен иштетүү комплекси, Казакстанда цинк жана коргошун концентраттарынын негизги өндүрүүчүсү болору күтүлүүдө. Муну менен катар бул өндүрүштө 400 адам жумуш менен камсыз болмокчу.

Караганда облусунун акими Женис Касымбек мамлекет башчысына, бул долбоордун аймак үчүн мааниси тууралуу айтып берип жатып, жаңы фабрика продукциянын ассортиментин кеңейтүү менен катар өндүрүштүн көлөмүн 2,5 эсеге өсүп 5 миллион тоннага чейин көбөйөрү күтүлүп жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле, кайра иштетилген продукциянын экспорту кеңейип, салыктык кирешелер 1,5 миллиард тенгеге жогорулайт. Бул долбоор башталгандан бери, инвесторго максималдуу практикалык жардам көрсөтүлдү. Мыкты уюштурулган иштин алкагында, атүгүл коронавирус пандемия шартында дагы долбоор өз убагында аяктагандыгын белгилеп өттү.

Өлкө башчысына маалымдалгандай, бүгүнкү күндө Караганда облусунда 2 триллион теңгеден ашык суммага 50 ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда. Бул жылы 14 долбоор ишке киргизилип, облустун өнөр жай ишканаларынын инфраструктурасына тартылган инвестициянын көлөмү 230 миллиард теңгени түздү.

“Казцинк” компаниясынын башкы директору Александр Хмелев Касым-Жомарт Токаевге, фабрика пандемия шартында 3 жылдын ичинде курулуп бүткөрүлгөндүгүн билдирди. Анын айтымында, кайра иштетүүчү заводдун ишке кириши, бүтүндөй Караганда облусун өнүктүрүү үчүн маанилүү.

Александр Хмелев: “Мында жылына 5 миллион тонна руданы кайра иштетет. Бул болсо 15 жылдан кем эмес ишкана стабилдүү иштешине мүмкүндүк берет” - деп билдирди.

Иш-чаранын аягында, президент ишкананын кызматкерлерине жана бул масштабдуу долбоорду ишке ашырууга катышкандардын баарына ыраазычылыгын билдирип, ийгиликтерди каалап өттү.

https://www.kazpravda.kz/news/prezident2/tokaev-zapustil-novuu-polimetallicheskuu-obogatitelnuu-fabriku-v-karagandinskoi-oblasti