06.12.21

Казакстандын борбору Астана шарында “Өзбекстан-Казакстан” бизнес форуму жана ишкерлер кеңешинин 4-жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу, Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган жыйында, жалпы суммасы 2 миллиард доллар өлчөмүндөгү 15 келишимге кол коюлду.

Азыркы учурда, Казакстанда Өзбекстандын капиталынын эсебинен курулган 1,400 ишкана бар. Буга чейин, Казакстандын Түркстан шаарында  болуп өткөн форумдун алкагында, эки өлкө 600 миллион долларлык келишимге кол койгон болучу. 

Бизнес форумдун жүрүшүнүн учурунда министрликтердин, ведомстволордун, өндүрүштүк бирикмелердин жана бизнес өкүлдөрү кызматташуунун келечегине токтолуп, биргелешкен долбоорлорду сунушташты. Ошондой эле, жолугушуунун катышуучулары сунушталган долбоорлорду мамлекеттик колдоонун практикалык аспектилерин жана механизмдерин, “G2B” жана “B2B” форматындагы сүйлөшүүлөрдү талкуулашты.

Ал эми форумдун жыйынтыгында, жалпы суммасы 5,9 миллиард долларды түзгөн соода жана эки тараптуу келишимдерге кол коюлду. Түзүлгөн келишимдер, жакынкы жылдарда 20-30 миң жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк бермекчи.

Отурумдун жыйынтыгында, Өзбекстандын Соода-өнөр жай палатасы жана Казакстандын Улуттук ишкерлер палатасы 2022-жылга карата “Өзбекстан-Казакстан ишкерлер кеңешинин” негизги иш планын бекитишти.

https://centralasia.media/news:1748369