07.12.21

Казакстандын Улуттук статистика бюросу маалымдагандай, жеңил унааларды өндүрүү 2021-жылы 61,8 миңге жетип рекорддук көрсөткүчтү түздү. Өткөн жылга салыштырмалуу 19% пайызга көптүк кылат. Бул тууралуу “еnergyprom.kz” маалымат кызматы билдирди.

Ал эми аталган тармакка жумшалган инвестициялардын көлөмү  акыркы он айдын ичинде 9,6 миллиард теңгени түзгөн.

“АКАБ” профилдик ассоциациясынын маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында тышкы рынокко 9,7 миң автоунаа сатыка жөнөтүлгөн. Жыл ичинде өсүш 60% пайыздан жогору болуп, 2019-жылдын экспорттук көлөмүнө салыштырмалуу 3,7 пайыз жогору болгон.

Алсак, Казакстанда 2021-жылы өндүрүлгөн бардык “темир тулпарлардын” 2019-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 5% пайызга көп экспорттолгон. Казакстандын автомобиль өнөр жайынын негизги экспорттук багыты Россия болуп келет. Россияга 2021-жылы 5,6 миң автоунаа экспорттолуп өткөн жылга караганда  эки эсеге өскөн. Ошондой эле, Өзбекстанга 3,6 миң автоунаа (мурунку жылга салыштырмалуу 13% пайызга көп) экспорттолгон.

Мындан тышкары, Казакстандын автоунаалары Беларус жана Кыргызстанга экспорттолууда. Ошондой эле, биринчи жолу Костанайдагы “СарыаркаАвтоПром” заводунда өндүрүлүп жаткан эң популярдуу “Chevrolet” маркасындагы 4 миң автоунаалар, тышкы рынокко сатууга чыгарылган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу  92%  пайызга көптүк кылат. Ошондой эле, бул заводдон 2,3 миң “JAC” үлгүсүндөгү унаалар экспорттолгон.

Мындан тышкары Казакстанда “Hyundai” брендине таандык автоунаалары, Алматыдагы “Hyundai Trans Kazakhstan” заводунда өндүрүлөт. Бул жылы аталган маркада 3,5 миң автоунаа экспорттко чыгарылган. Казакстанда реалдуу өндүрүш тармагынын жогорку темптерин сактоодо жана продукциянын экспортун жигердүү стимулдаштырууда авто өндүрүшү маанилүү милдет аткарууда.

https://kapital.kz/economic/100953/kuda-eksportiruyut-kazakhstanskiye-avtomobili.html