08.12.21

Казакстан жана Кыргызстан чек арасында өнөр жай соода-логистикалык комплексин курмакчы. Бул тууралуу, Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 9 айында өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү  680, 7 миллион долларга өскөн. Алдыда өз ара сооданын көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүү жана жакынкы келечекте аны 2 миллиард долларга чейин жеткирүү милдети коюлду.

Казакстандын Соода жана интеграция министри Бахыт Султанов жана Кыргызстандын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев 7-декабрь күнү тиешелүү документерге кол коюшту. Анын негизинде, биргелешкен иш-чаралардын планын (“жол картасы”) иштеп чыгуу, Кыргызстанда товарларды дүңүнөн бөлүштүрүү борборлорун түзүү жана иштетүү боюнча бир нече иш-чаралар кирет.

Эксперттердин божомолдору боюнча, сунушталып жаткан чаралардын натыйжасы, Кыргызстандан жашылча-жемиш экспортун 2 эсеге,  90 миллион доллардан 175 миллион долларга чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Соода жана интеграция министрлиги тараткан маалыматта: “Тараптар чек арадагы өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү боюнча биргелешип иштөөнү улантууда. “Карасу” жана “Ак-Тилек” автожол өткөрүү пункттарынын аймагында, өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү жана иштетүү боюнча кол коюлган биргелешкен иш-аракеттер планы келишимдердин уландысы болуп саналат жана бардык зарыл болгон нормативдик, ивестициялык даярдык чараларын камтыйт”,- деп маалымдалат.

 

https://kapital.kz/economic/100996/kazakhstan-i-kyrgyzstan-khotyat-narastit-tovarooborot-do-2-mlrd.html