10.12.21

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин  10-декабр күнү, иш сапары менен Караганда облусуна барды. Өкмөт башчы жаңы өндүрүш жана социалдык-маданий объектилердин ачылышына катышып, облустун тургундарына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу, CentralAsia.news маалымат кызматы билдирди.

Өзүнүн жумушчу сапарынын программасына ылайык, Аскар Мамин “Forever Flourishing” (Middle Asia) компаниясынын болот куймаларын чыгаруучу ишканасынын символикалык ишке киргизүү аземине катышты. Жаңы  заводдун кубаттуулугу жылына 90 миң тонна металл буюмдарын чыгарууга жөндөмдүү жана бул өз кезегинде өлкөдөгү курулуш тармагын керектүү тетиктер менен камсыздоого жана экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берери айтылды.

Ушул эле күнү Премьер-министр Саран шаарындагы “Аллур” жана “Татнефть” компаниясынын биргелешкен демилгеси менен “KamaTyresKZ” автомобиль дөңгөлөктөрүн чыгаруучу заводдун курулушу жүрүп жаткан “Саран” өнөр жай аймагына барды.  Заводдун кубаттуулугу жылына 3,5 миллион даана автомобиль дөңгөлөктөрүн чыгарууга жөндөмдүү. Келерки 2022-жылдын төртүнчү кварталында заводду ишке киргизүү пландалган.

Аталган заводдун адистери тарабынан өкмөт башчысына келечекте өндүрүлө турган продукциялардын алгачкы түрлөрү көрсөтүлдү.

https://centralasia.news/12731-mamin-prinjal-uchastie-v-zapuske-novyh-obektov-v-karagandinskoj-oblasti.html