13.12.21

Казакстандын Шымкент шаарында, эки өлкөнүн биргелешип курган эки ишкананын ишке кириши күтүлүүдө. Бул тууралуу, аталган шаардын акимчилигинин басма сөз кызматы  билдирди.

Жаңы өндүрүштүк ишканалар “Онтустик” атайын экономикалык аймагында иштеп баштамакчы. Аталган ишкана 2021-2025-жылдар аралыгында, ишке ашыруусу пландалган 282 долбоордун тизмесине киргизилген болучу.

Жергиликтүү бийликтин айтымында, учурда Өзбекстандык инвестор катышып жаткан металл иштетүүчү заводдун курулушу каралууда. Аталган металлургиялык долбоордун суммасы 6,3 миллиард теңгени (14,5 миллион доллар) түзөт.

Ал эми кийинки ишкананын ишке киргизүү жылдын аягына пландаштырылды. Ошондой эле тараптар 375 миллион теңгеге (862,9 миң доллар) кагаз гигиеналык буюмдарды өндүрүүнү пландаштырууда. Муну менен катар, жылына 1,8 миң тонна кагаз өндүрүү дагы каралган.

Эскерте кетсек, декабрь айынын башында эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн биргелешкен бизнес форуму өткөн. Бизнес форумдун жүрүшүндө 6 миллиард долларлык эки тараптуу келишимдер, анын ичинде 2 миллиард долларга инвестициялык келишимдер түзүлгөн.

https://centralasia.media/news:1750227