13.12.21

Алматы облусунун Капшагай шаарында помидор өстүрүүчү күнөскана комплекси ачылды. Күнөскананын аянты 4 гектар жер аянтын ээлейт. Аталган долбоорго 3,5 миллиард теңге өлчөмүндөгү инвестиция салынган. Бул тууралуу “Kapital.kz” маалымат агенттиги билдирди.

Капшагай шаарынын акими Нурлан Куматаев ачылыш аземиндеги сөзүндө шаардагы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 107, 4 миллиард теңге акча каражатына жеткенин белгиледи. Бүгүнкү күндө аймактын 13 миң гектардан ашык айдоо жери жана 325 чарбасы бар.

Нурлан Куматаев: “Айыл чарбасынын дүң продукциясынын көлөмү 22,6 млрд тенгени түзөт, бул өткөн жылга салыштырмалуу 1 млрд теңгеге көп. Ал эми бүгүнкү күндө биз облустун агро өнөр жай комплексин өнүктүрүү үчүн дагы бир маанилүү объекти “LSTAgro” күнөскана комплексин ачып жатабыз. Аталган күнөсканага Капшагай шаарынын экономикасына 3,5 миллиард теңге суммасындагы инвестиция салынды. Заманбап мекеме калкты сапаттуу ата мекендик айыл чарба продукциялары менен камсыз кылууга чоң салым кошот деп ишенем”,- деп билдирди.

Ал эми күнөскана комплексинин жетекчиси Самат Мухамедьяров долбоордун ишке ашуусуна “Бизнестин жол картасы” мамлекеттик программасы тарабынан жакшы колдоо болуп жатканын белгилөө менен катар, анын негизинде 1 миллиард теңгеден ашык суммадагы каражат түшкөнүн билдирди.

Самат Мухамедьяров: “2013-жылдан башталган күнөскана комплексин кеңейтүүнүн 4 этабын тең ырааттуу түрдө ишке  ашыра алдык. Учурда  “LSTАгро” ишканасында 150  жумушчу иштөөдө. Аталган жаңы комплексте помидордун жакшы өсүшүнө керектүү бардык жабдуулар, голландиялык технологиялар орнотулуп, тамчылатып суугаруу ыкмасын колдонмокчубуз, ал эми чаңдаштырууну жакшыртуу үчүн голландия аарылары алынып келинди. 2022-жылдын январь айынан баштап жаңы күнөсканадан помидорлорду сата баштамакчыбыз. Бир катарга 180 түпкө жакын помидор эгилди. Ар бир гектардан орточо түшүмдүүлүк  90 тоннаны түзүүсү күтүлүүдө. Ал эми жылына 2-2,5 миң тонна сапаттуу продукция алууну пландаштырып жатабыз. Муну менен катар, күнөсканада помидор жана баклажан өстүрүлмөкчү. Жалпысынан жергиликтүү базарды, ошондой эле Алматы, Нур-Султан базарларын камсыздоо менен бирге Орусиянын базарына чыгууну пландоодобуз. Ошондой эле Беларусияга экспорттоо сунушу да болууда. Ал эми келерки жылы бадыраң жана “Светофор”калемпирин өстүрүүнү пландоодобуз”, - деп алдыдагы пландары менен бөлүштү.

https://kapital.kz/economic/101162/krupnyy-teplichnyy-kompleks-zapustili-v-almatinskoy-oblasti.html