22.12.21

Казакстанда 2021-жылдын аягына чейин нефть өндүрүүнүн көлөмү 85,7 миллион тоннага, ал эми экспорттун көлөмүн 67,6 миллион тоннага жетүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу, Казакстандын Энергетика министри Магзум Мирзагалиев өкмөттүк жыйында билдирди.

Магзум Мирзагалиев билдиргендей, өлкөдө нефть өндүрүшү өнүгүүдө жана 2030-жылга чейин анын көлөмү 104,2 миллион тоннага жетүүсү күтүлүүдө.

Магзум Мирзагалиев: “Нефть өндүрүү боюнча пландалган көрсөткүчкө жетишүү келечекте жаңы долбоорлорду ишке ашыруу менен камсыз кылынмакчы. Мунун негизинде нефть өндүрүүнүн көлөмү жылына 12 миллион тоннага көбөйүүсү күтүлүүдө.

Ал эми Карачаганак кенинин өндүрүшүн жакшыртуунун  негизинде жылына нефть өндүрүү 11-12 миллион тоннанын деңгээлинде көлөмү сакталмакчы”, -деп билдирди.

Магзум Мирзагалиев белгилегендей, Кашаган кенинде газды кайра иштетүүчү заводдун курулушу өлкөдөгү нефть өндүрүүнүн өсүшүнө шарт түзмөкчү. Ошондой эле, 3 миллиард кубометр товардык газды иштеп чыгарууга жана нефть чыгарууну жылына 16 миллион тоннадан 20 миллион тоннага чейин арттырууга мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү.

Мындан тышкары, министр Магзум Мирзагалиев Каспий деңизиндеги Хазар жана Каламкас-Деңиз кендерин иштетүү боюнча долбоордун үстүндө иш башталганын, бул 2028-жылдан тарта жылына кошумча 4 миллион тонна мунай өндүрүүгө мүмкүндүк берерин белгилеп өттү.

Эскерте кетсек, Казакстан үчүн “ОПЕК+” квотасы декабрь айында суткасына 1, 556 миллион баррель деп белгиленген жана ай сайын өндүрүш орточо эсеп менен 16 миң барелге көбөйгөн. Жалпысынан 2022-жылдын январында милдеттенмелер 1, 572 миллион баррельди түзүүсү күтүлүүдө.

https://kursiv.kz/news/otraslevye-temy/2021-12/kazakhstan-planiruet-dobyt-857-mln-tonn-nefti-v-2021-godu