24.12.21

Казакстан Өзбекстанга 75 миллиард теңге  (172 миллион доллар) бааланган автоунаа жолун курууну пландоодо. Бул тууралуу Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлиги  билдирди.

Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлиги маалымдагандай, декабрь айында эки өлкөнүн өкүлдөрү “Кызылорда-Учкудук” автоунаа жолун жана темир жолун куруу планына кол коюшту. Аталган жолдун узундугу 280 км түзүп, анын ичинен 140 км аралыгы Казакстандын аймагы аркылуу өтмөкчү.  

2024-2025-жылдары жолдун техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭН) иштеп чыгуу менен катар, 2025-жылдан тарта жолдун курулушун баштоо пландалууда.

Министрлик билдирүүсүндө: “Жолдун курулушунун сметалык баасы 75 миллиард теңгени түзөт, анын ичинде өткөрүү пунктун курууга 5 миллиард теңге сарпталмакчы,”-деп маалымдалат.

Ошондой эле, министрликтин божомолу боюнча, бул жол Борбор Азия өлкөлөрүн Казакстандын түштүк, борбордук жана түндүк аймактары аркылуу, Орусия менен бириктирүүсү күтүлүүдө. Муну менен катар, аталган жол Кызылорда – Жезказган – Павлодар – Россиянын чек арасы аркылуу өтүп, эл аралык коридордун бир бөлүгү болмокчу.

Мындан тышкары, Өзбекстан тарап “Кызылорда – Үчкудук” жаңы темир жол линиясын куруу демилгесин көтөрүүдө жана биргелешкен аракеттердин планына кол коюлду. Ал эми техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу үчүн экономикалык анализ жүргүзүү калды.

Бирок бул эки өлкөнүн планындагы жалгыз темир жол эмес. Туристтик потенциалды жогорулатуу үчүн 2021-2024-жылдары Түркстан – Шымкент – Ташкент жогорку ылдамдыктагы автоунаа жолун куруу маселеси каралууда. Аталган долбоор Борбордук Азиянын эң ири тарыхый жана маданий борборлорун бириктирүү менен катар жылына 1,9 миллион жүргүнчүлөрдү ташууга жөндөмдүү болот.

Ошондой эле, узундугу 115 км болгон Өзбекстан темир жол линияларына чыгуучу “Дарбаза – Мактарал” темир жол линияларын куруу иштери жүргүзүлүүдө. Долбоорго улуттук планда 161,8  миллиард теңге бөлүү каралган.

https://kabar.kg/news/kazakhstan-i-uzbekistan-postroiat-avtomobil-nuiu-dorogu-za-172-mln/