30.12.21

Казакстандын Борбор Азиядагы бардык  сооданын 70% пайызга жакын  үлүшү Өзбекстандын туура келет. 2021-жылдын 10 айында эки тараптуу сооданын көлөмү 3,26 миллиард долларга жетти. Бул көрсөткүч 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29,8% пайызга көп. Ал эми аталган көрсөткүч 2019-жылдын 10 айына салыштырмалуу 10,6% пайызга көп.

Казакстандан Өзбекстанга экспорттун көлөмү 2020-жылдын 10 айына салыштырмалуу 31,6% пайызга өсүп, 2,37 млрд доллар сумманы түздү. Ал эми 2019-жылдын 10 айына салыштырмалуу көрсөткүч 34,3% пайызга өскөн. Атап айтканда, экспорттун өсүшүнүн негизги кыймылдаткычтары айыл чарба жана ошондой эле, агроөнөр жай комплекси (17% пайыздан жогору), мунай иштетүү сектору (2,2 эсе), металлургия (99,3% пайыздан жогору) жана автомобиль өнөр жайы (28,3% пайыздан жогору) болду. Мындан тышкары, өз ара сооданын көлөмүн кыска мөөнөт аралыгында 5 миллиард долларга чейин жеткирүү болсо, ал эми орто мөөнөт аралыгында 10 миллиард долларга чейин жеткирүү милдети коюлган. Ошондой эле, эки өлкөнүн чек арасында “Борбор Азия” эл аралык өнөр жай кызматташтыгы борборун түзүү долбоорун ишке ашыруу боюнча иштер жүрүүдө.

Казакстан жана Өзбекстандын ортосунда өз ара кызматташуу транзиттик-транспорт тармагында жогорку деңгээлге жетишилди. Ошондой эле, темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча биргелешкен ири долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштер жүрүүдө. Атап айтканда, “Түркстан – Шымкент – Ташкент” жогорку ылдамдыктагы жүргүнчүлөрдү ташуучу автомагистраль жана “Дарбаза – Мактаарал – Жиззак” темир жол линиясы жана  автомобиль өткөрүү пункттарын модернизациялоо. Муну менен катар, жүк ташуу үчүн жагымдуу тарифтик саясат түзүлдү.

https://kapital.kz/economic/101572/kazakhstan-eksportiroval-v-uzbekistan-produktsiyu-na-2-3-mlrd.html