CA-NEWS (KZ) – Казакстан 2017-жылы Кытайга экспорттук азык-түлүктөрдүн үчтөн бир бөлүгүн көбөйттү-деп айыл чарба министринин биринчи орун басары Арман Евниев билдирди.

 

“Азыркы убакта кытай базары балык азыктары, кой чарбачылыктары, аарычылык жана жылкы чарбасы, ошондой эле буудай улпагы жана соя буурчактары үчүн ачык. Натыйжада, Кытайга айыл чарба азык-түлүгүн экспорттоо 34,3% пайызга жогорулаган. Биринчи жолу соя буурчактары 7,7 миң тонна жана 7,3 эсе соя майын экспорттоо көбөйгөн. Орто эсеп менен алганда, 2,7 эсеге тоңдурулган балык, өсүмдүк майлары жана өсүмдүктөрдү экспортто жогорулаган”, -деп өкмөт менен болгон жолугушуу учурунда айтты.

Анын айтымында, бүтүндөй Казакстандын айыл чарба жерлеринен экспорттоо көбөйгөн.

Бириккен Араб Эмираттары бодо малды жана малды байлоодогу тоскоолдуктарды алып салынды. Иранга 7,5 эсе рапс дааны, 1,3 эсе арпа, 1,9 эсе жашылча буурчактарын экспорттоо көбөйгөн.

Жалпысынан алганда, 2017-жылга айыл чарба азыктарын жана аны кайра иштетүү азыктарынын экпорту 12,5% пайызга, кайра иштетилген азыктар 10,7% пайызга көбөйгөн.

 “Ошентип, 2017-жылы өсүмдүк майынын экспортунун көлөмү 92 млн долларды, план боюнча 117,6 млн долларды түзгөн. Пландык көрсөткүчкө жетпей калгандын себеби болуп күн карама майынын 11% пайызга экспорттук баасынын төмөндөшү саналат. 2017-жылы өсүмдүк майы 112,8 миң тонна экспорттолгон, 2016-жылга салыштырмалуу эки эсе көп. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча, өсүмдүк майларын экспорттоодо 92 млн доллар суммасында жеткирүү, 2017-жылы пландалган көрсөткүчтөн 21,8% пайызга аз”,- деди баяндамачы.

Чарба министрлигинин маалыматы боюнча, уйдун экспортунун көлөмү пландалган 55,2 млн доллардын ордуна 24,2 млн долларды түздү.