14.12.22

Казакстан Кытай жана Иран багытында мунай экспортунун жолдорун өнүктүрүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу, Казакстандын Энергетика министри Болат Акчулаков билдирди.

Болат Акчулаков шаршемби күнү болуп өткөн өкмөттүн жыйынында: “Эн негизги басым, Транскаспий эл аралык транспорттук каттамы аркылуу Азербайжан, Грузия жана Түркияга, ошондой эле Кытай менен Иранга экспорттук каттамдарды өнүктүрүүгө бурулат”, - деп белгилеп өттү.

Экспорттук багыттарды диверсификациялоонун алкагында, мунайдын альтернативдүү экспорттук жолдорун өнүктүрүү боюнча жол картасынын долбоору иштелип чыкканын билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө Казакстан өзүнүн мунайынын дээрлик 80% пайызын Каспий куур консорциуму (CPC) аркылуу Кара деңизде жайгашкан Россиянын порту аркылуу экспорттко чыгарып келет.

https://centralasia.media/news:1835281