13.12.22

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Татарстандын президенти Рустам Минниханов менен жолугушту. Бул тууралуу, Казакстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Касым-Жомарт Токаев үстүбүздөгү жылдын тогуз айында, Татарстан Республикасы менен товар жүгүртүү 466 миллион доллардан ашканын белгиледи. Мамлекет башчысы соода-экономикалык жана башка тармактарда байланыштар кеңейип жатканына канааттануусун билдирди.

Өз кезегинде, Рустам Минниханов Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын президенти болуп кайра шайланышы менен куттуктап өттү. Ал ошондой эле машина куруу тармагындагы ири долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын баса белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө Саран шаарындагы Татарстанга тиешелүү компания курган автоунаалардын дөңгөлөктөрүн өндүрүүчү ишканада алгачкы продукциялар чыгарылып баштагандыгын билдирди.

Завод келерки жылы толук долбоордук кубаттуулукка чыгууну пландаштырууда. Ишкана жыл сайын жеңил жана жук ташуучу автомобилдер үчүн 3,5 миллион даана дөңгөлөк чыгарат. Заводдо 1,100 жаңы жумуш ордары пайда болот, инвестициянын көлөмү 400 миллион долларга бааланган.

Касым-Жомарт Токаев өз ара өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, ал мындай биргелешкен долбоорлорду мындан ары да колдоорун баса белгилеп өттү.

https://www.kp.kz/online/news/5053825/