13.12.22

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 13-декабрда Индиянын ири көп тараптуу “Adani Group” холдингинин президенти Гаутам Аданини кабыл алды. Көрүшмө учурунда, стратегиялык мааниге ээ инвестициялык пландарды ишке ашыруунун перспективалары талкууланды. Бул тууралуу, “CentralAsia.news” басма сөз кызматы билдирди.

Казакстандын президенти, Индиянын көп тармактуу компаниясынын региондун транспорттук инфраструктурасын жакшыртуу жана модернизациялоо боюнча пландарына оң баа берди.

Мамлекет башчысы азыркы этапта, Казакстан транспорт тармагын өнүктүрүү боюнча иштерди тездетүүгө ниеттенип жатканын баса белгиледи. Бул контекстте президент негизги күч Транскаспий эл аралык транспорттук линиясынын функцияларын прогрессивдүү кеңейтүүгө багытталып жатканын билдирди.

Өз кезегинде, индиялык ишкер президентке компаниянын Казакстан менен конструктивдүү кызматташууну жана экономиканын башка маанилүү тармактарын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айтып берди. Энергетика, жашыл технологиялар жана мунай химиясы эң көп талап кылынган тармактар ​​деп аталды.

Эскерте кетсек, “Adani Group” 200 миллиард доллардан ашуун капиталы бар, Индиядагы үч ири компаниянын болуп саналат. Азыр компания экономикалык багыттарда негизги оюнчу болуп саналат. Анын ичинде, жаратылыш ресурстарын чалгындоо жана аны иштеттүү, деңиз терминалын башкаруу, мультимодалдык логистика жана электр энергиясын өндүрүү боюнча тармактар кирет.

https://centralasia.news/18473-indijskij-konglomerat-realizuet-v-kazahstane-vazhnejshie-investproekty.html