22.12.22

Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев биргелешкен объектилердин курулушун баштоо аземине катышышты. Бул тууралуу, “Акорда” маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчыларына, Казакстан менен Өзбекстандын биргелешкен долбоорлорун ишке ашыруу боюнча кеңири маалымат берилди. Атап айтканда, Казакстандын Караганды облусунда тиричилик техникаларын өндүрүүчү фабрика, Шымкент шаарында инфузиялык эритмелерди жана Костанай облусунда “Chevrolet” автоунааларын чыгаруу боюнча долбоорлор ишке ашырылат.

Ошондой эле Өзбекстандын Навои облусунда минералдык жер семирткичтерди өндүрүү боюнча долбоор ишке ашырылмакчы. Бул долбоор 1,3 миллиард долларга бааланган. Ал “Казфосфат” компаниясы жана “Узкимёсаноат” акционердик коомунун катышуусу менен курулат.

Долбоордун биринчи этабында 2022-2024-жылдары “Навоиазот” акционердик коомунун (ААК) базасында калий селитрасын (100 миң тонна) жана калий сульфат (100 миң тонна) селитрасын өндүрүүнү ишке киргизүү пландаштырылууда.

Долбоорду ишке ашырууда 150 жумушчу орун түзүлөт. (Казакстан)  Алмалык жана (Өзбекстан) Фергана шаарларында өндүрүштүн экинчи жана үчүнчү этабы улантылат. Ошондой эле Ташкент облусунда логистикалык борбор жана Ташкент шаарында турак-жай жана коммерциялык инфраструктурасын куруу каралган.

Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиёев биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууну каалап, объектилердин курулушуна уруксат беришти.

 

https://kapital.kz/economic/111532/glavy-kazakhstana-i-uzbekistana-dali-start-stroitel-stvu-sovmestnykh-ob-yektov.html