26.12.22

Казакстандын Соода жана интеграция министри Серик Жумангарин, Казакстан өзүнүн 411 миллион долларга бааланган  продукциясынын 80 жакын түрүн, Пакистандын базарларына экспорттоого даяр экенин билдирди. Бул тууралуу, өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Пакистандын Исламабад шаарында өткөн  соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча  “11-өкмөттөр аралык” комиссиянын отурумунун алкагында, Казакстандын өкүлү эки өлкөнүн кызматташтыгынын өнүгүү үчүн эбегейсиз зор потенциалы бар экенин баса белгиледи.

Казакстандын Соода жана интеграция министри Серик Жумангарин: “Казакстан Пакистанды Түштүк Азия чөлкөмүндөгү маанилүү жана узак мөөнөттүү экономикалык өнөктөшү деп эсептейт. Биздин чарбалык субъектилер дан жана буурчак, макарон, ун жана кондитер азыктарын экспорттоого даяр болсо, Казакстан Пакистандын жашылча-жемиштерин импорттоого кызыкдар. Жалпысынан алганда, биздин өлкө 411 миллион долларга бааланган кайра иштетилген товарлардын 80 түрүн экспорттоого даяр”, - деп белгилеп өттү.

Казакстандын өкмөтүнүн өкүлү, кызматташуунун келечектүү багыттарына дагы токтолуп өттү. Аларга жер казынасын пайдалануу, айыл чарба жана жеңил өнөр жай тармактары кирет.

Мындан тышкары, Казакстандын Түштүк Азиянын рынокторуна жана деңиз портторуна  кыска аралыкта жетүү үчүн транспорттук жана экспорттук каттамдардын географиясын кеңейтүүгө кызыкдар.

https://centralasia.news/18677-kazahstan-gotov-jeksportirovat-v-pakistan-do-80-vidov-tovarov.html