10.01.23

Түркиялык ишкерлер Казакстандын дыйкандарына 1000 тонна сапаттуу пахта үрөнүн жеңилдетилген шартта берет. Мындай макулдашууга, Чымкент шаарында өткөн “Казакстанда пахтачылыкты өнүктүрүүнүн келечеги” аттуу бизнес-форумунун жүрүшүндө жетишилди. Бул тууралуу “Kapital.kz” маалыматы кызматы билдирди.

Аталган бизнес-форумда түркиялык “PROgen” компаниясы илдеттерге жана зыянкечтерге туруктуу пахтанын жаңы сортторун тууралуу маалымат берди. Үрөн ата мекендик өсүмдүк өстүрүүчүлөргө насыя түрүндө сатылмакчы. Буга чейин Казакстан жана Түркиянын ортосунда үрөнчүлүктү өнүктүрүү боюнча кызматташуу боюнча тиешелүү меморандумга кол коюлган болучу.

Казакстандын Айыл чарба министринин орун басары Абулхайыр Тамабек: “Мамлекеттик сатып алууларда жергиликтүү продукциянын үлүшүн, анын ичинде тиричилик буюмдарын жана пахтаны кайра иштетүүдөн пайда болгон продукциянын үлүшүн жогорулатуу маселеси иштелип чыгууда. Биринчи этапта улуттук компаниялар ата мекендик пахта продукциясынын 70% пайызга чейин сатып алышы керек. Учурда мамлекеттик сатып алууда жергиликтүү продукциянын үлүшүн 30% пайыздан 70% пайызга чейин жогорулатуу да каралууда” - деп белгилеп өттү.

“Казакстанда пахтачылыкты өнүктүрүүнүн келечеги” аттуу бизнес-форумунун жыйынтыгында, Түркиянын “Чыгыш Жер Ортолук деңизинин дыйканчылык изилдөө” институту менен “SHOS Cotton and Melon Growing” компаниясынын ортосунда пахтанын жаңы сортторун биргелешип изилдөө жана иштеп чыгуу боюнча келишимге кол коюлду.

Эскерте кетсек, Казакстандын Айыл чарба министрлиги учурда селекция жана үрөнчүлүк тармагын өнүктүрүүнүн комплекстүү планын иштеп чыгууда.

https://kapital.kz/economic/111970/turetskaya-kompaniya-predostavit-agrariyam-1000-tonn-semyan-khlopchatnika.html