18.01.23

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 17-январда Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) таандык “Masdar” компаниясынын аткаруучу директору Мохаммед Аль-Рамахи менен жолугушту.

Тараптар энергетика тармагында биргелешкен долбоорду ишке ашырууну талкуулашты. Бул тууралуу, “CentralAsia.news” маалымат кызматы президенттик аппараттын басма сөз кызматынын маалыматына таянып жазып чыктты.

Касым Жоомарт Токаев Казакстан 2060-жылга чейин мунайга болгон көз карандысыздыка жетишүү, ошондой эле 2030-жылга чейин жаратылыштан энергия алуунун пайызын 4 пайыздан 15 пайызга чейин көбөйтүү максатын койгонун баса белгиледи.

Казакстандын лидери, өлкөнүн Энергетика министрлиги “KIDF” фонду жана “Masdar” компаниясы менен кызматташуу боюнча кол коюлган келишим толук кандуу ишке ашарына ишеним билдирди. Эки тараптуу документке ылайык, Казакстандын Түркстан жана Жамбыл облустарында кубаттуулугу 1 (ГВт) болгон шамал электр станциясын куруу пландалууда.

Өз кезегинде, “Masdar” компаниясынын аткаруучу директору Казакстандын президентине жолугушуу мүмкүнчүлүгү бергени  үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле мамлекеттин жашыл энергетиканы өнүктүрүү жаатындагы жогорку потенциалын белгиледи. Муну менен катар ал бул жаатта ири долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

https://centralasia.news/19065-v-kazahstane-pojavitsja-vetrovaja-jelektrostancija-moschnostju-1-gvt.html