20.01.23

Казакстанда жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин премьер-министр Алихан Смаилов жана Түркиялык “Gap Inshaat” компаниясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу Ченгел Азиз менен бирге талкуулашты. Бул тууралуу,  Казакстандын өкмөт башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө, “Gap Inshaat” компаниясынын өкүлү Ченгел Азиз мырза, Казакстанда инвестициясын кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Анын билдиришинче, келечектүү долбоор болуп Көкшетау шаарындагы жылуулук борборунун (ТЭЦ) курулушу саналат.

Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов Түркия мамлекети, Казакстан үчүн маанилүү стратегиялык өнөктөш экенин, ошондуктан өкмөт жаңы өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууну кубаттай турганын баса белгилеп өттү.

Ошол эле учурда, Алихан Смаилов Көкшетау шаарында жылуулук электр борборун куруу долбоору боюнча, айкындуулук жана атаандаштык принциптеринин негизинде, Казакстандын Энергетика министрлиги ачык тендер өткөрөт жана бардык потенциалдуу инвесторлор катыша алышат.

Өз кезегинде, Ченгел Азиз тендерге катышууга даяр экенин билдирди.

Түзүлгөн техникалык-экономикалык негиздемеге ылайык, Көкшетау шаарындагы жаңы жылуулук борборунун (ТЭЦ) электр кубаттуулугу 240 (МВт) жана жылуулук кубаттуулугу 520 (Гкал/саат) болмокчу.

Долбоорду каржылоо тендердин жеңүүчүсү болгон инвестордун каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.

Эскерте кетсек, башкы кеңсеси Стамбулда жайгашкан “Gap Insaat” компаниясы 1996-жылы түзүлгөн. Компания ар кандай инфраструктуралык долбоорлорду курууга адистешкен. Учурда Түркия, Түркмөнстан, Ирак, Катар, Сауд Арабиясы жана башка мамлекеттеринде  ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

https://kapital.kz/economic/112255/turetskiy-investor-proyavil-interes-k-stroitel-stvu-t-ets-v-kokshetau.html