23.01.23

Казакстандын Костанай шаарында жайгашкан “Аллур” заводу  “Kia sportage” маркасындагы автоунааларын өндүрүү үчүн жаңы линиясын ишке киргизди. Анын ачылыш аземине, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев катышты. Бул тууралуу, Казакстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы линияда автоунааларды чогултуу, ширетүү жана сырдоо иштери дагы аткарылат. Маалым болгондой, бүгүнкү күндө автоунааларды өндүрүүдө колдонулган мындай заманбап технология, Борбор Азия  өлкөлөрүнүн ичинде Казакстанда гана бар.

Касым-Жомарт Токаев: “Бизге заводдон жаңы эле чыккан “Kia Sportage” автоунаасын көрсөтүштү. Бул автоунаанын сапаты абдан мыкты. Ошондуктан суроо-талап жогору болот деп ойлойм. Биз инвесторлорду ишкананы мындан ары кеңейтүүгө чакырабыз”, - деп белгилеп өттү.

Ошондой эле 2023-жылга карата “Kia Cerato” маркасындагы автоунааларын өндүү үчүн жаңы линияны ишке киргизүү  пландалып жаткандыгы маалымдалды.

https://economist.kg/novosti/2023/01/23/kazahstan-nachal-vypuskat-kia-sportage/