03.02.23

Казакстандын өкмөт башчысы Алихан Смаилов жана анын Өзбекстандык колегасы Абдулла Арипов, Алматы шаарында мамлекеттер аралык кызматташуунун бир катар негизги маселелерин талкуулашты.

Тараптар соода-экономикалык, транспорттук-транзит, суу-энергетика тармагындагы кызматташтыкты арттыруу пландарын, ошондой эле өнөр жай кооперациясы жана айыл чарба тармагындагы биргелешкен кадамдарды талкуулашты.

Казакстандын өкмөт башчысы Алихан Смаилов, өлкөлөр ортосунда бардык тармактарда динамикалуу өнүгүп жаткан бекем гармониялык мамилелер түзүлгөндүгүн баса белгиледи. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча, эки тараптуу соода дээрлик 30% пайызга өсүп, пландалган 5 миллиард долларга жеткен.

Алихан Смаилов: “Бул биздин биргелешкен аракетибиздин аркасында мүмкүн болду. Эми эң жогорку деңгээлде коюлган милдеттерге ылайык, орто мөөнөттүү келечекте өз ара сооданын көлөмүн 10 миллиард долларга чейин жеткиришибиз керек”, - деп белгилеп өттү.

Анын айтымында, бул жагдайда былтыр кол коюлган жол карталарынын өз убагында аткарылышы жана эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын активдүү иши маанилүү болуп саналат.

Алихан Смаилов: “Казакстандын өкмөтү биздин кызматташтыктын бардык багыттары боюнча активдүү диалог курганга даяр”, - деп кошумчалап өттү.

Өз кезегинде, Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов эки мамлекет өнөр жай тармагында алгылыктуу тажрыйбага ээ болгондугун, өзгөчө автомобиль өнөр жай тармагында жакшы тажрыйбага ээ болгонун белгиледи. Нефть-газ, химия, энергетика, металлургия жана башка тармактарда перспективалуу долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча иштер башталгандыгын белгилеп өттү.

Ошондой эле Абдулла Арипов: “Айыл чарба жана транспорттук-логистикалык сектордо, өзгөчө жаңы транспорт коридорлорун өнүктүрүү жагынан тыгыз кызматташууну өзүнчө белгилеп кетүү зарыл. Биз ошондой эле өлкөлөрүбүздүн аймактарынын ортосундагы түз байланыштарды жогору баалайбыз, бул биздин бир тууган элдерибиздин ортосундагы кызматташтыктын потенциалын толук ишке ашырууга мүмкүндүк берет”- деп билдирди сөзүн аягында.

https://www.uzdaily.uz/ru/post/75304