23.02.23      

Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Марат Карабаев Өзбекстандын Казакстандагы элчиси Саидикрам Ниязхожаев менен жолугушту.

Тараптар өнөр жай кооперациясынын долбоорлорун ишке ашыруу, транспорт жана аскердик-өнөр жай комплекси тармагында кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Марат Карабаев белгилегендей, өнөр жай кооперациясы жаатында Казакстан менен Өзбекстан 10 миңден ашык жумушчу орундарын түзүү менен 2,1 миллиард долларга бааланган 42 биргелешкен долбоорлор аткарылууда. Долбоорлордун 29  даанасы Казакстандын аймагында  калган 13 даанасы  Өзбекстанда ишке ашырылып жаткан учуру.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө, транспорт тармагынын долбоорлору, атап айтканда “Дарбаза – Мактаарал” жаңы темир жол линиясынын курулушу талкууланды.

“Дарбаза” станциясынан “Мактаарал” бекетине чейин 106 километр узундуктагы темир жолун курууну ишке ашыруу менен “Сарыагаш” өткөрмө бекетинин ишин жеңилдетип, ага жылына дагы 10 миллион тоннага чейин кошумча товар өткөрүүгө жана Мактарал районун Туркстан облусу менен темир жолу аркылуу  бириктирүүгө мүмкүндүк бермекчи.

https://www.uzdaily.uz/ru/post/75758