23.04.23

Түркиянын Жейхан портунан “Баку-Тбилиси-Жейхан” (БTЖ) мунай кууру аркылуу ташылган, Казакстандын мунайынын биринчи партиясы 22-апрель күнү экспорттко чыгарылып баштады. Бул тууралуу, Азербайжандын “SOCAR” компаниясынын маалымат кызматы билдирди.

Белгиленгендей, Казакстандын “Теңиз” мунай кенинен өндүрүлгөн 83,2 миң тонна (665 миң баррель) мунай “Алатау” танкерине жүктөлүп алынып келинген.

Белгилей кетсек, Казакстандын мунайын “Баку-Тбилиси-Жейхан” (БTЖ) мунай кууру аркылуу ташуу “SOCAR” жана “КазМунайГаз” компанияларынын ортосундагы келишимдин алкагында ишке ашырылып баштады. Келишимге ылайык, жылына 1,5 миллион тонна мунайдын өткөрүп туруу каралган.

Казакстандын мунайынын биринчи партиясын Түркиянын “Жейхан” деңиз портунан жөнөтүү «SOCAR» менен «КазМунайГаздын»  өнөктөштүгүн чыңдоодогу маанилүү жетишкендиги болуп саналат. Бул иш-чара аймактык энергетикалык кызматташуунун маанилүүлүгүн дагы бир жолу далилдеп, Каспий деңизи мунайзаттарын дүйнөлүк рынокко ташуунун негизги жолу катары куурунун стратегиялык ролун көрсөтөт.

https://apa.az/ru/energy-and-industry/iz-porta-dzeixan-otpravlena-pervaya-partiya-kazaxstanskoi-nefti-transportiruemoi-po-btd-foto-519042/