05.05.23

Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен Ташкентте эки тараптуу кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 20-жыйынынын алдында сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу, Казакстандын премьер-министринин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар эки мамлекеттин кызматташтыгынын бир катар актуалдуу болгон соода, өнөр жай кооперациясы, инвестициялык ишмердүүлүк, энергетика, логистика, трансчегаралык суу объектилерин пайдалануу, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо сыяктуу маселелерди талкуулашты.

Алихан Смаилов Өзбекстан Казакстандын эң ири соода өнөктөштөрүнүн бири экенин баса белгилеп, 2022-жылдын аягына чейин эки тараптуу сооданын көлөмү пландалган 5 миллиард долларга жеткендигин билдирди.

Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов: “Бул жалпы аракеттердин аркасында мүмкүн болду. Эми эң жогорку деңгээлде коюлган милдеттерге ылайык, орто мөөнөттүү келечекте өз ара сооданын көлөмүн 10 миллиард долларга чейин жеткирүүбүз керек”, - деп белгилеп өттү.

Ошону менен бирге ал эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин чечүүдө, Казакстан-Өзбекстан өкмөттөр аралык комиссиясынын өзгөчө ролун белгиледи.

Өз кезегинде, Абдулла Арипов өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоо үчүн жогорку потенциал бар экенин билдирди.

https://kapital.kz/economic/115403/kazakhstan-i-uzbekistan-namereny-uvelichit-tovarooborot-do-10-mlrd.html