10.05.23

Казакстандын өкмөтү 2026-жылга карата өлкөдө автоунаа өндүрүшүнүн көлөмү жогорулап 500 миң даанага чейин өндүрүү  болжонууда. Бул тууралуу, Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Марат Карабаев Астанада болуп өткөн автокөргөзмө иш чарасына катышуу учурунда билдирди.

Министрдин айтымында, 2024-жылы тиешелүү суроо-талапка ылайык 150 миң автоунаа өлкөнүн  заводдорунда  өндүрүлмөкчү.

Марат Карабаев:  “Эгер Казакстандын рыногуна 150 миң автоунаа керек болсо, келерки жылы бул көлөмдү казакстандык автоөнөр жайы камсыздайт. Башкача айтканда, жаңы унааларга болгон рыноктун суроо-талабы толугу менен камсыздалат. Мындан тышкары, бир катар жаңы долбоорлор дагы  бар. Биздин милдет  2026-жылга чейин өндүрүштүн көлөмүн жылына 500 миң даана автоунаа өндүрүүгө жеткирүү болуп саналат”, - деп билдирди.

Казакстан Автобизнес ассоциациясынын (АКАБ) маалыматы боюнча, 2022-жылы республикада бардык типтеги 113,9 миң унаа чыгарылган (2021-жылга салыштырмалуу 21,9% пайызга өскөн). Ошондой эле Казакстандын  Өнөр жай министрлиги 2026-жылга чейин автоунаа  өндүрүшүнүн 4,4 эсеге көбөйүшүн күтүүдө.

https://kz.kursiv.media/2023-05-10/lbrt-auto/