19.05.23

Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов жана Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы  Акылбек Жапаров жолугушуу өткөрүштү. Көрүшмө Алматы шаарында өтүп жаткан “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” 2-Экономикалык форумунун алкагында болуп өттү. Бул тууралуу, Казакстандын өкмөтүнүн  басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар соода-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, инвестиция тартуу, айыл чарба жана суу-энергетика тармагында кызматташуу жана башка бир катар маселелерди талкуулашты.

Алихан Смаилов: “Биз жакын арада өз ара сооданы 2 миллиард долларга жеткирүү боюнча чараларды көрүп жатабыз. Биргелешкен аракеттердин аркасында биз бул максатка жетебиз деп ишенем. Казакстандын өкмөтү биздин көп кырдуу кызматташуубуздун бардык багыттары боюнча активдүү диалог кылганга даяр”, – деп белгилеп өттү.

Өз кезегинде, Акылбек Жапаров өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу күн тартибиндеги бардык маселелер өз ара түшүнүшүү, ишеним жана бири-бирин колдоо маанайында талкууланып, чечилип жатканын белгиледи.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы  Акылбек Жапаров: “Бүгүнкү жолугушуубуз эки тараптуу кызматташуунун мындан аркы перспективаларын талкуулоого жана аныктоого жакшы мүмкүнчүлүк берет деп ишенем”, - деп билдирди.

https://kapital.kz/economic/115778/dovesti-tovarooborot-do-2-mlrd-namereny-kazakhstan-i-kyrgyzstan.html