24.05.23

Түркмөнстан жана Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүү 2022-жылы 72% пайызга өсүп, болжол менен 438 миллион долларга жетти. Бул тууралуу, Казакстандын Экономика министринин биринчи орун басары Роман Скляр 15-майда Астана шаарында  болуп өткөн, Экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча “Казакстан-Түркмөнстан” өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-отурумунун жыйыны учурунда билдирди.

Роман Скляр менен Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Батыр Атдаевдин тең төрагалыгы астында өткөн жолугушууда тараптар айыл чарба, энергетика, транспорт жана логистика тармагында бир катар келишимдерге кол коюшту.

Көрүшмө учурунда, Казакстан “KazakhExport”  экспорттук камсыздандыруу компаниясы менен Түркмөнстандын банктары ортосунда тыгыз кызматташууну түзүүнү сунуштады. Себеби, казакстандык кайра иштетилген продукцияны экспорттоочулары Түркмөнстандын рыногуна чыгууга кызыгуусун көрсөтүп жатышат.

Роман Скляр ошондой эле Түркмөнстан-Афганистан чек арасындагы дан эгиндеринин терминалынын долбоорун тез арада ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.

Казакстандык делегация Түркмөнстандан табигый жана суюлтулган мунай газын сатып алууга кызыкдар экенин баса белгилешти.

https://business.com.tm/ru/post/10274/turkmenistankazakistan-ticaret-hacmi-2022de-yuzde-72-artt%C4%B1