09.06.23

Эки өлкөнүн “Карасу” жана “Ак тилек” өткөрүү бекеттеринин жанына, жаңы соода-логистикалык борбору курулат. Кыргызстан жана Казакстан өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү боюнча келишимге кол коюшту. Кол коюу иш чарасы, Астана шаарында өтүп жаткан Эл аралык “Астана” форумунун алкагында өттү.

Макулдашууга, Казакстандын Соода жана интеграция боюнча вице-премьер-министри Серик Жумангарин жана Кыргызстандын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев кол коюшту.

Белгиленгендей, комплекстин түзүлүшү аймактагы өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө, Казакстан менен Кыргызстандын соода-экономикалык байланыштарын чыңдоого, жаңы технологияларды тартууга, логистика жана инфраструктураны жакшыртууга шарт түзөт.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда 2022-жылы кол коюлган келишимге ылайык, мамлекеттер биргелешкен чек ара өнөр жай-транспорттук-логистикалык комплексин курат. Ал Бишкектен 30 чакырым алыстыкта, Чүй районундагы «Ак-Тилек» постуна жакын жерге курулат. Ал эми, Казакстан тарабы Жамбыл облусунун Чу дарыясынын каршы жээгинде жайгашат.

Комплекстин жалпы аянты 7,6 чарчы квадрат километрди түзөт. Анын ичинен 4 чарчы квадрат километр аянты Кыргызстандын жана 3,6 чарчы квадрат километр аянты, Казакстандын аймагына курулат. Өнөр жай-соода-логистикалык комплекстин аймагында мал жана өсүмдүк азыктары сакталат жана кайра иштетилет.

https://economist.kg/novosti/2023/06/09/kyrgyzstan-i-kazahstan-podpisali-soglashenie-o-sovmestnom-torgovo-logisticheskom-centre-na-granice/