16.06.23

Түркиянын “Ташяпы” компаниясы жеңил рельстүү транспорт системасын (LRT)   Казакстанда курууну  пландоодо. Анын жүрүү багыты “Каскелен - Есик - Талгар - Алматы - Узынагаш” шаарларын бириктирмекчи.

Белгиленгендей, Талгар жана Каскелең шаарларында атайын унаа токтотуучу жай пайда болуп, анда жүргүнчүлөр автоунааларын калтырып, андан соң жеңил рельстүү транспорт системасын (LRT) менен  Алматыга барууга болот. Долбоорду иштеп чыгуучулардын пикири боюнча, бул жол тыгынды азайтат, анткени күн сайын, Алматы шаарына 300 000 адам кирет. Июль айында, Түркиялык компания техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгууну пландоодо. Жеңил рельстүү транспорт системасынын (LRT)  узундугу 80 чакырымды, ал эми Алматы жана Кунаев шаарларын кошуп эсептегенде жалпы 150 чакырымды түзөт. Курулуштун биринчи этабы, Талгар жана Алматы шаарларынын ортосунда башталат. Ал эми “Кунаев-Алматы” багытындагы курулушу экинчи этапбы болот.

https://www.nur.kz/society/2025082-turetskaya-kompaniya-planiruet-zapustit-lrt-mezhdu-almaty-i-talgarom/