19.06.23

2022-жылы Казакстанга 1 миллионго жакын чет элдик турист келсе, 2023-жылы бул көрсөткүч 1,4 миллион кишиге чейин көбөйүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу, өкмөттүн жыйынында Казакстандын Маданият жана спорт министри Асхат Оралов билдирди.

Ошондой эле анын айтымында, ички туристтердин саны 25% пайызга өсүп, 8,6 миллион адамга жеткен, бул пандемияга чейинки деңгээлден дээрлик 2 миллион туристке көпттүк кылат.

Учурда өлкөдө туризм инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иштер уланууда. Өткөн жылы 27 миллиард теңге акча каражатына 28 долбоор бүткөрүлгөн. Алардын ичинде, Балхаш курорттук зонасында инженердик коммуникацияларды куруу, Актау жылуу пляжына жол салуу, Үчарал жана Уржар шаарларынын аэропортторун ишке киргизүү өзгөчө мааниге ээ болду.

https://kapital.kz/economic/116704/v-2023-godu-v-kazakhstane-ozhidayut-do-1-4-mln-turistov.html