22.06.23

Казакстандын премьер-министри Алихан Смаиловдун Азербайжанга болгон расмий иш сапарынын алкагында, ал өлкөнүн президенти Илхам Алиев менен жолугушту. Бул тууралуу,  “primeminister.kz.” маалымат кызматы билдирди.

Алихан Смаилов эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү ишенимге жана өз ара түшүнүүгө негизделген стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын жаркын мисалы экенин, ошондой эле Азербайжан Казакстандын эң маанилүү соода-экономикалык өнөктөшү экендигин белгилеп өттү.

Өткөн жылы эки тараптуу соода жүгүртүү 40% пайызга өсүп, 460 миллион доллардан ашкан.

Казакстандын өкмөт башчысы Алихан Смаилов: “Товар жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүү боюнча биздин алдыбызга коюлган тапшырмага ылайык, Азербайжан өкмөтү менен соода-экономикалык мамилелерди кеңейтүү боюнча иш алып баруудабыз”, - деп белгилеп өттү.

Өз кезегинде, Илхам Алиев Казакстандын премьер-министринин Азербайжанга расмий сапары, эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелердин мындан аркы өнүгүшүнө салым кошоруна ишенээрин билдирди.

https://kapital.kz/economic/116812/kazakhstan-i-azerbaydzhan-planiruyut-dovesti-ob-yem-vzaimnoy-torgovli-do-1-mlrd.html